Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын жооптук беттештери жыйынтыкталды.
14-апрель түнү өткөн "Ливерпуль" "Реал Мадрид" оюну 0:0 эсеби менен жыйынтыкталды. Эки оюндун натыйжасында "Реал Мадрид" 3:1 эсебинде Ливерпулду жеңип жарым финалга чыкты. Жарым финалда англиялык "Челси" клубу менен кез келет.
Дагы бир беттеш "Боруссия Дортмунд" жана "Манчестер Сити" клубдарынын ортосунда өттү. Эки оюндун жыйынтыгы менен англиялык клуб "Боруссияны" 4:2 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алды.
"Манчестер Сити" жарым финалда ПСЖ клубу менен оюн өткөрөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн