Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:48
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чет элдик жарандан акча опузалаган деп беш милиционер кармалды

03.11.2023 14:11
296
Чет элдик жарандан акча опузалаган деп беш милиционер кармалды


Акча талап кылган делип Бишкек милициясынын беш кызматкери кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.


Алдын ала билдирүү боюнча, милиционерлер чет элдик жарандан 4 миң доллар акча алмай болушкан.


"Кечээ Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында жана ШИИБде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматында иштегендер УКМКга жеткирилген. Алардын арасында ИИБ тергөөчүсү да болгон. Кармалгандар чет элдик жарандан акча талап кылган деп шектелүүдө. Факт боюнча кылмыш иши козголгон", — деп жазылат кабарда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн