Сауд Арабияда жардам сурап кайрылган кыргызстандык Асел Дуванаева үй камагынан чыгууга үлгүрдү. Белгилүү болгондой, араб күйөөсүнүн камагында турган келинге кыргызстандык дипломаттар жардам беришкен. Кыргызстандын Сауд Арабиядагы консулдугунун кийлигишүүсү менен полиция Аселге документтерин кайтарып берди.
Жолдошу нааразы болуп, кыйкырып жатып араң берген. Эми Аселге адвокат жалдоого акча керек - ал ажырашууга арыз жазып, балдары үчүн күрөшөт.
Эске салсак, төрт баланын энеси Асел күйөөсүнүн кордугуна чыдабай видео аркылуу жардам сурап кайрылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн