Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 16:54
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Чычкан капчыгайында 32 жаштагы кыз менен 20 жаштагы баланын жыныстык катнашын ата-энесине айтам деген бала киши колдуу болгон

Чычкан капчыгайында 32 жаштагы кыз менен 20 жаштагы баланын жыныстык катнашын ата-энесине айтам деген бала киши колдуу болгон

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Чычкан капчыгайынын ичиндеги кафелердин биринен 23 жаштагы тургундун сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы 23-майда кабарлады.


Маалыматка ылайык, окуя тууралуу үстүбүздөгү жылдын 3-майында милицияга билдирүү түшкөн. Анын алкагында жерине тергөө-ыкчам тобу барып, кароо жүргүзүп, тиешелүү материалдар топтолгон. 


Алгачкы кароодо маркумдун денесинде жарааттары бар экендиги аныкталды.


Аталган факт “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголду. 


Кылмышка шектелип, 20 жана 32 жаштагы Токтогул районунун тургундары кармалып, убактулуу кармоочу жайга киргизилди.


Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.


Бул окуяга байланыштуу жергиликтүү ЖМКлар өздүк булактарына таянып, жигиттин өлүмүнө шектүү катары анан бир тууган эжеси жана алардын үйүндө курулуш иштерин жасап жүргөн жигит экендигин жазышты. Анда 23 жаштагы маркум эжеси менен жигит экөө интимдик катнашта болгонун ата-энесине айтам деп коркутканы себеп болгонун жазышууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн