Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 01:25
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Чикагодо "Kyrgyz Community Center" уюмуна президенттин атынан 2 боз үй тапшырылды

02.09.2023 12:52
326
Чикагодо "Kyrgyz Community Center" уюмуна президенттин атынан 2 боз үй тапшырылды


Чикагодо "Kyrgyz Community Center" кыргыз коомдук уюмуна кыргыздын эки хан боз үйүн салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, бул керемет боз үйлөр кыргыз диаспорасы менен мекендин ортосундагы байланышты бекемдөөнүн жана колдоонун белгиси катары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан белекке берилди.

Боз үйлөрдү салтанаттуу тапшыруу аземи кыргыз коомчулугунун борборунда болуп, ага Чикагодогу кыргыз диаспорасынын координаторлор, активисттер жана өкүлдөрү, белгилүү маданият ишмерлери, бизнес өкүлдөрү, журналисттер жана блогерлер катышты.

Чикаго шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Болотбек Борбиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун куттуктоо катын окуп, анда жашаган жерине карабастан кыргыздын каада-салтын жана маданий мурастарын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

АКШда жашаган мекендештер президент Садыр Жапаровго чын жүрөктөн ыраазычылыктарын билдиришти.

Боз үйлөр кыргыз маданиятынын жана каада-салттарынын символу катары "бакубат жашоонун" маанилүү элементи болуп, Америка Кошмо Штаттардагы кыргыз маданий мурастарын сактоого жана жайылтууга көмөктөшө турган маданий иш-чараларды, жолугушууларды, билим берүү программаларын өткөрүү үчүн пайдаланылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн