Казакстандын Чымкент шаарында кармалган 1997-жылы туулган Баялы Төрөгелдиев казак күч органдары тарабынан кармалганда кыйноого алынган. Бул тууралуу Акыйкатчы институту анын туугандарына таянып билдирди.
Мекеменин маалыматына таянсак, Казакстандын күч органдары Баялы Төрөгелдиевди жашаган батирден күч колдонуу менен алып кетишкен. Аны полиция участогунда коркутуп, кыйноого алган.
Акыйкатчы институту Казакстандагы өкүлүнө кыргыз жаранына керектүү жардамды көрсөтүү боюнча тапшырма берген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн