Чыңгыз Айтматов дүйнөдө жашап келе жаткан маданияттарды, цивилизацияларды, континенттерди бири-бирине каршы койгон, бир жактуу кыймылы бар көчөгө окшогон ар кандай «фундаментализм», «Востокоцентризм», «Европоцентризм» деген сыяктуу түркүн «измдерден» оолак турган жазуучу. Анын жүрөгү дүйнөгө ачык. Ар кандай “измдерден” жогору көтөрүлүп чыккан. Дегеле, жакшылап үңүлүп көрсөк, түпкүлүгүндө бир калктын маданияты экинчи бир калктын маданиятына каршы келбейт. Адам кайсы гана жерде, континентте, аралда жашабасын, бардык жерде адам. “Тиричилик, адамдар, шарттар алмашат, - дейт Ч.Айтматов. -- А адам руху калат. Өмүр-өлүм маселеси калат”.Жазуучунун ушул оюнун логикасын уласак, дегеле адамдын жаратылышы негизинен бир. Биз бардыгыбыз адам балдарыбыз. Адамзаттын маданий өнүгүшү көп түрдүү болгону менен ал көп түрдүүлүктүн түпкү насили бир. Дүйнөнүн маданий полифониялуулугу бирдиктүү адам жаратылышынын ар түркүн кырларынын көрүнүшү. Чын-чынында, бири-бирине карама-каршы турган Батыш жана Чыгыш деген деле жок. Болгону, Адам ата тукумунун маданияты плюралистүү, дүйнөлүк бир түпкү өзөктөн чачырап чыккан түркүн бутактар бар. Демек, дүйнөдөгү маданияттардын кызматташтыгынын, алгоолошууларынын жана өз ара баюуларынын жактоочусу болуу толук логикалуу. Чыңгыз Айтматовдун интернационалдык философиясы ушундай теорияга негизделген дегибиз келет.
Чыңгыз Айтматовдун ички рухий жаратылышынын интернационалдуулугун белгилеп, Расул Гамзатовдун “Чынгыз Айтматов – бул жарым жартылай европалык, жарым жартылай азиат” деп айткан сөзү бар. Ч.Айтматов “Расул Гамзатовдун сөзүнүн тигиниси да, мунусу да мен үчүн туура келет” деп бир кезде сырын айткан эле. Чынында эле, Ч.Айтматов Европанын да, Азиянын да адамы, тагыраак айтканда, универсалдуу, глобалдуу инсан. Бирок тамыры Ала-Тоодо, Таласта, Шекерде.
Чыңгыз йтматов жер үстүндө жашаган ар бир инсандын “Улуттук квартирадан” чыгып, планетардык аң-сезимге, планетардык ойломго ээ болушунун зарылдыгын насыяттап келген. Ал адамзат цивилизациясынын алгалоосуна, илимий-техникалык прогрессине, материалдык жетишкендиктерине кубанган. Бирок ал ушул прогресстин жер жүзүндөгү моралдык кризис менен коштолгонуна, материалдык-техникалык, экономикалык өнүгүүдөн адамзаттын духовный өнүгүүсү артта калып жатканына тынчсызданган. Коом жетишкендиктердин, жеңиштердин эйфориясында турганда, Ч.Айтматов акылмандарчасынан алды жака кайгуул салып, мындай «салтанаттуу жүрүштүн» арты кандай болорлугун, кандай кооптуу натыйжаларга алып келерлигин сезип турган: «Биз азыр мурда болуп көрбөгөндөй социалдык, маданий жана техникалык революциялардын доорунда жашап жатабыз. Адам эч качан азыркыдай таң каларлык өзгөрүүлөрдү башынан өткөргөн эмес, адамзаттын алдында эч качан өнүгүүнүн азыркыдай перспективасы, ошону менен эле бирге анын жашоосуна азыркыдай коркунуч туулган эмес». (Ч.Айтматов). Ойчул художник адамдын жашоосуна карата пайда болгон көп коркунучтарды көрө алган. Бирок жазуучу-гуманист катары биринчи иретте ал белгилеген коркунуч мына бул эле. Бул биздин рухий жашообузга туулган коркунуч:
- адамдын материалдык-экономикалык кызыкчылыктардын артынан кубалап, байлыктын, бийликтин, буюмдун кулуна айланып жатышы;
- нравалык чен-өлчөмдөрдүн мокошу;
- адам жамаатында эгоизмдин, жаланып-жуктанган прагматизмдин, турмушка, кишиге, табиятка технократиялык, коммерциялык-бухгалтериялык мамиленин күч алышы;
- адамдан адамдын жоголуп баратышы (дүйнөдөгү мындай тенденциянын шойкому атүгүл алыскы элеттеги Шекерди да чарпый кеткендигин жазуучу айылда «кайрымдуулук, бири-бири үчүн күйүмдүүлүк, тилектештик сыяктуу сапаттар азайды» деген сөздөрү менен туюндурган), ж.б.
Чыңгыз Айтматов өзүнүн публицистикасы, чыгармаларынын образдары аркылуу, бийик трибуналардан сүйлөгөн сөздөрү аркылуу адамдын жандүйнөсүнүн жакырланышы, жеке кызыкчылыктардын, осол материализмдин, алкын ачкан нысапсыздыктын, ачкөздүктүн араандары, мен дүйнөнүн борборумун деген антропоцентристтик менменсинген амбициялар (“Кыямат” романындагы вертолет менен бөкөндөрдү кырып жаткан Обер Кандаловду эске түшүрөлү) – булар жер жүзүн каптаган орток коркунучтар экендигин, адамдын рухтан ажырап жашоосунан ашкан жамандык бу жарыкчылыкта жок экендигин түшүндүрүп, жалпы адамзатка коңгуроо кагып, мындай илдетке жалпы кол кармашып каршы күрөшүүнү үнү кардыкканча кыйкырып жар салган.
Ч.Айтматов моралдык маданиятты, рухту, дилди сактап калууга, уят, ар-намыс, ыйман, жоопкерчилик категорияларын борборго койбогон коом адам коому катары санала албастыгын, «бүткүл маңыз, ишенич-үмүт адамдын акыл-эсинде, жандүйнөсүндө, гуманистчил насилинде» экендигин кайра-кайра айтып, XXI кылымда нравалык жаңы аң-сезимге ээ болуп, ыйманы таза, аруу адам болуп кайрадан жаралууга жалпы адамзатты чакырган. Ал эми адабияттын миссиясын ал адам рухунун бийиктиктерине канат сермеген, ички чыңалууга ширелген рухий изденүүдө турган, күн сайын адам болууга умтулган каармандарды көрсөтүүдөн көргөн. Ошондой миссияны художник катары өзү жогорку чеберчиликте аткарды. Бүгүнкү «интеллектуалдын милдети, - деген Айтматов, -- адам табиятындагы руханий башталышты сактап калууда турат».
Жазуучунун “Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт” повестин эске түшүрөлү. Нивхи элин бага турган жаш Кириск тирүү калып, жээкке, эл жерге аман-эсен жетсин деп өзү иче турган акыркы тамчы сууну балага калтырып, өз эрки менен деңизге чөгүп кеткен Орган карыянын жосуну эмне деген адамдык улуулук! Башкалардын келечеги, тирүүлүгү, жакшылыгы үчүн өз жанын кыюуга баруу не деген ажайып көрүнүш, не деген жан дүйнө эрдиги! Сынчы К.Асаналиев айткандай, бул “адамдын табият алдындагы улуулугу, жеңилбестиги, түбөлүктүүлүгү”. Ч.Айтматов адам баласындагы дал ушундай адамдык улуу касиеттерди, ички рухий жана акыл-эс сулуулугун, жандүйнө асылдыгын, инсанаттагы рух бийиктиктерин сактап калууну, өнүктүрүүнү мүдөө кылган жана муну адамзатка насыйкаттаган. “Манас” эпосунда айкөл Манас баатыр да “калкым кыргыз сен үчүн курман болуп кетейин” дейт эмеспи. А чынында эле Манас ата кыргыз элинин эркиндиги үчүн кара башын курман чалбады беле? Ч.Айтматовдун ишениминде, дагы айталы, рухий-ыймандык аруу асылдыктарга негизделген коом гана адам деген бийик атка жарашкан коом боло алат. “Кандай гана коом болбосун, эмне гана деп аталбасын, эгер ал рухтун чыныгы эркиндигине негиз түзүп бере албаса, демек, андан эч кандай майнап чыкпайт” (Ч.Айтматов). Бүгүнкү заманда моралдык кризис күчөп турганда Ч.Айтматовдун ушул нравалык философиясынын нугунда активдүү ойлонушубуз жана аракеттенишибиз зарыл.
Чыңгыз Айтматовдун «ириде элиңди, өлкөңдү ойлойсуң, анан барып жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың» деген сөзү да эске түшөт. Ч.Айтматов өзүнүн күн-түн тынбаган интеллектуалдык күч-аракети менен космостук бийиктикке көтөрүлүп, жалпы дүйнө тууралуу тынымсыз акыл калчап турган. «Адам баласынын бирдиктүүлүгү баарынан өйдө. Мен ушул багытты көздөгөн кишимин» деп түшүндүргөн даанышман жазуучу.
Ч.Айтматовдун жалпы адамзааданын бирдиктүүлүгү, анын жакшылыгы, тынчтыгы, көйгөйлөрү жөнүндө толгонгон жамаатчыл гуманизминин тамыры кайда жатат (?) деп ойлоносуң. Мындай суроо коюлганда «Көкөтөйдүн ашына» төгөрөктүн төрт бурчунан кыргыздын ак дасторконуна чогулган калайык калктар эске түшпөй койбойт. Дегеле, жалпынын кызыкчылыгын көздөө, жалпыга келчү жакшылык тууралуу камкордук кыргыз насилинде бар нерсе. Айдоого тукум сээп жатканда кыргыздын баба дыйкан карыясы мындай деп тилек кылып үрөн чачат: «Жылуу жерден конуш тап. Мунусу жетим-жесирге, мунусу алсыз карыпка, мунусу курт-кумурскага, мунусу сурамчы-тилемчиге, саламчыга, сизге, бизге, мага». Бул гумандуу ажайып сөздөр жана адамдык жүрүм-турум кыргыздын адеп-ахлагы үчүн кандайдыр бир символикалуу дегибиз келет. Мына, жалпынын мүдөөсүн, бакыбатын, атүгүл курт-кумурсканын кызыкчылыгын көздөгөн элдин улуу гуманисттик, адамгерчиликтүү, боорукер, жамаатчыл, күйүмдүү этикасы.
Манас тереңинде өзүн жалаң эле кыргыздын эмес, боордош түрк журттарынын уулумун деп да эсептейт. Казак менен кыпчактын намысы – кыргыздын да намысы деп ойлойт. Ошон үчүн алардын тагдыры жөнүндө дайым башын жерге салып, акыл тегеретип, ичинен убайым жеп:
Түтөгөн калмак кыргызды,
Түк койбой кырса нетебиз?
Казакка араан салбайбы,
Акыретте Манаска,
Кайгысы түшүп калбайбы! - деп баатыр тогуз толгонуп турат. Мына ушинтип, Манас тили, дили, дини эгиз бир тууган калктардын баш кошкондугуна дайыма умтулуп, алардын тагдыры үчүн да өзүн жоопкер сезет.
Кыскасы, терең үңүлүп байкаса, Айтматовдун адамгерчилик, адамды сактоо деп күйүп-бышкан гуманизминин, жалпы адамзааданын кызыкчылыгын ойлогон айкөлдүгүнүн, планетачыл жамаатчылдыгынын тамыры түпкүлүгүндө “Манастан”, элдик руханияттын тереңинен чубалып чыгарын байкоо кыйын эмес. Ч.Айтматовдун адамзаттын ырын ырдап, камчысын чаап калгандыгы бекер жерден эмес экен. Ал Борбор Азия элдерине “биз түрк атанын балдарыбыз” деп дайыма кайрылып, аларды жалпы адамзаттын кол кармашкан биримдигинин тутумунда достук ынтымакта жашоого үндөп, түрк калктары үчүн билингвизмдин зарылдыгын тастыктап, атүгүл орток түрк тилин түзүү идеясын да жактап чыккан. Кайран киши, табиятынан эл аралык мамилелердин чабарманы болуп жаралган киши эле.
Төгөрөктүн төрт бурчун Ала-Тоонун бүркүтүндөй айланып учуп, жалпы планетанын көйгөйлөрүн “шаңшып” жар салып, адамзаттын Асан Кайгысына айланган Чыңгыз Айтматовдун феномени Борбор Азиянын мейкининен көрүнгөн уникалдуу кубулуш. Ч.Айтматовдун дүйнөдөн кетиши улуттук масштабдагы гана эмес, планетардык масштабдагы жоготуу болгондугун бүгүн түшүнүп отурабыз.
Бирок Ч.Айтматов космополитизмдин негативдүү түрү бар экендигин да жакшы билет. Бул “жалпы адамзат” деп ураан көтөргөн, бирок өзүнүн улуттук кыртышын, коломтосун, тарыхый тамырын тааныбаган, өз Ата журтунун тилине, баалуулуктарына нигилисттик кылган элбезердин кебетеси. Ч.Айтматов ушул өңдүү космополитизмге түп-тамырынан каршы.
Мындай элбезерлик илдетке “Манас” эпосу да каршы турат. Маселен, Кытайдын императору Эсенкан амалданып барып, Манасты уу берип өлтүрүп, Бээжинге башын кесип алып келе турган адамды Каңгайда элин-жерин,ата тегин унуткан кыргыз пенделердин ичинен издейт жана тандайт. “Журтуна бузук беш айбанды” баштаган Көзкаман аттуу кыргыз кулчулуктан жаңы эле кутулган бүткүл кыргыз эли медер тутуп турган Манаска кол салат. Манаска уу берет. Демек, бул анын өз бир тууган элинин өлгөн-талганда жетип турган эң ыйыгы – эркиндигине кол салганы, өз элине уу бергени эле.
Көзкаман – бул “тамырсыз” адамдын символу. Маңкурт – душмандын колундагы куурчак жана өзүнүн “учкан уясына” каршы пайдаланыла турган курал.
Чыңгыз Айтматов “Кылым карытаар бир күн” романында жоо тарабынан маңкуртка айландырылган Жоломан аттуу туткун жигиттин өзүн алыстан издеп келген энесин тааныбай, апасын жаа менен атып өлтүргөн трагедияны көрсөткөн. Жүрөктү титиреткен Жоломандын образы аркылуу Ч.Айтматов тарыхый эстутумдан ажыраган маңкуртчулуктун коом үчүн, улут үчүн өтө коркунучтуу социалдык илдет экенин демонстрациялаган. Ошону менен бирге жазуучубуз өз уулунун колунан өлгөн Найман эненин ак жоолугу чымчыкка айланып “сенин атаң Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай!” деп сайрап калгандыгын көрсөтүп, мындай көркөм символика аркылуу тоталитаризм доорундагы биздин тарыхый акыл-эсибизди, ар-намысыбызды магдыроодон ойготууга аракет жасаган. Кеменгер Айтматов маңкуртчулук илдеттин улуттук алкактан чыгып, дүйнөнү кучагына ала баштаганын да көрүп турган. Чынында эле жер үстүн ядролук бомбаларга толтурган, планетанын ресурстарын талап-тоноп, атмосфераны уулап, экологиялык кыяматты жаратып, адамзат өзүнүн Жер энесине ок аткан “Жоломанга” – маңкуртка окшошуп бараткандыгына жаны кейиген. Ч.Айтматов мындай тенденцияга каршы “Кыямат” романында айласы түгөнүп, көз жаш төгүп, айды карап улуп турган Акбаранын көз жашы аркылуу өзүнүн кескин протестин жарыялаган деп айтсак болот. Жазуучунун маңкуртчулукка каршы күрөш идеясы бүгүн да актуалдуу бойдон калууда.
Туура, Ч.Айтматов жалпы адамзатчыл, планетачыл. Ошону менен бирге Айтматов өтө бир улутман жана мекенчил инсан. Буга анын бир эле “Биз канткен күндө да, өзүбүздүн тарыхый, маданий уңгубуздан, улуттук наркыбыздан танбашыбыз керек. Тил жөнүндөгү сөз эң оболу улут жөнүндөгү сөз дегендик. Кайсы улут болбосун анын түбөлүктүүлүгү тилинде. Чынымды айтайын, улуттук тилибиз үчүн башымды сайып коюуга деле кайыл элем” деген сөздөрү күбө өтүп турат. Жазуучунун мекенчилдиги сөзү менен гана эмес, улуттук тил, улуттук маданият үчүн жүргүзгөн реалдуу күрөшү менен да далилденген. “Коммунисттик системанын тушунда, авторитардык режим өкүм сүрүп турганда эне тилибиздин проблемасын алгачкылардан болуп көтөрүп чыккам. Анда тил тууралуу сөз кылуу улутчулдук катары бааланган. Мага ал кезде айрым басылмалар “улутчул” деген жарлык илип, улуттук тилди сактап калуу тууралуу ойлорумду “штыкка” алышканын баары билет. Бирок улуттук тил маселесин мен жазуучу катары көтөрүп чыкпасам, анда ким көтөрүп чыкмак?!” деп жазган жазуучу баштан өткөн тарыхка кайрылып. Ушул жерден баса айтып койчу нерсе, Ч.Айтматовдун терең түшүнүгүндө, адам баласынын бирдиктүүлүгү идеясы улуттук маданияттардын бир “көгөнгө” тизилген унификациясы дегенди билдирбейт. Жазуучунун тутунган көз карашы боюнча ар бир тил, ар бир улуттук маданият жалпы адамзат казынасынын уникалдуу табылгасы. Ал жоголсо, экинчи кайталанбайт. Табиятта биоартүрдүүлүк деген бар го. Ошол биоартүрдүүлүктү жаратылыштын мыйзамченеми деп кабыл алгандай эле, адамзат коомундагы социомаданий ар түрдүүлүктү да ошондой эле табигый нерсе катары кабылдашыбыз керек. «Адам дүйнөсүнүн кызыктыгы анын полифониясында, ар түрдүүлүгүндө, - деп жазат Ч.Айтматов, -- дүйнөнүн өзү көп кырдуулугу менен кызык. Бир маданияттын гегемониясы эч качан дүйнөлүк гармонияны сактап кала албайт. Качан гана дүйнө көп ырааттуу өнүксө ал өнүгөт» (Айтматов Ч., Күн сайын адам болуу – Бишкек, 2018, 194-бет). Демек, адам баласынын бирдиктүүлүгү деген нерсе, жазуучунун ою боюнча, ошол социомаданий ар түрдүүлүктүн, полифониялуулуктун ортосундагы ынтымак-ызаатташуу, кызматташуу, өз ара шайкеш жашоо дегенди билдирет.
Демек, бир сөз менен корутундулап айканда, Чыңгыз Айтматовдун даанышмандыгы – жекелик менен жалпылыктын, бүтүмдүк менен бөлүкчөнүн, улуттук менен жалпы адамзаттыктын, тууган жер менен планетанын биздин аң-сезимде өз ара ашташышы жана гармониясы жөнүндөгү концепциясында жатат.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн