Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:03
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Чынгыз Ажибаев жаңы министрди алгачкы иш сапарын Лейлектен баштоону сунуш кылды

19.01.2022 14:33
5095
Чынгыз Ажибаев жаңы министрди алгачкы иш сапарын Лейлектен баштоону сунуш кылды

Лейлек районунда паспортунун мөөнөтү бүтүп калган адамдар 3-4 күндөп кезек күткөн учурлар бар. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Лейлек шайлоо округунан депутат Чынгыз Ажибаев билдирди.


Анын айтымында, Лейлек районундагы 4 айыл аймакка Калкты тейлөө борборун ачыш керек.


"Лейлек районунун Жаңы-жер, Кулунду, Маргун жана Бешкент айыл аймактарында жашаган тургундар паспорт алыш үчүн райондун борборуна барып, 3-4 күндөп кезек күтөт. 

Мындай маселени чечиш керек. Сиз дагы иш сапарыңызды Лейлек районунан баштасаңыз. Керек болсо мен өзүм сиз менен чогуу барып, көрсөтүп келем",- деди депутат Ажибаев Санариптик өнүктүрүү министри кызматына талапкер Талантбек Имановго кайрылып.

Пикирлер (12)

Коопсуздук коду
Эрмек
Ооба туура
Магызова Кимсан Джумабаевна
Эң туура, Чынгыз мырза, Кулунду айыл Окмоту райондун борборунан 50 км., Бешкент А/Ө 80 км., Маргун А/Ө 110 км алыста жайгашкан, Кулунду айыл Окмотундө 28миң калк жашайт, биз, тейлөө борборуна муктажбыз.
Магызова Кимсан Джумабаевна
Эн туура, Чынгыз мырза, Кулунду А/Ө райондун борборунан 50 км., Дешкени А/Ө 80 км., Маргун А/Ө 110 км. алыста жайгашкан, Кулунду А/Ө 25миң калк жашайт, биз тейлөө борборуна муктажбыз!
Магызова Кимсан Джумабаевна
Эң туура, Кулунду А/Өкмоту райондон 50, Бешкент А/Ө 80 км., Маргун А/Ө 110 км. алыс, Кулунду А/Ө 28 мин калк жашайт, калкты тейлөө борборуна муктажбыз.
Абдиев Басыт
Жакшы демилге..ишине ийгилик чынгыз иним мындан да элдин ак кызматында журо бер✊✊💪💪