Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 16:50
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Чынгыз Ажибаев жаңы министрди алгачкы иш сапарын Лейлектен баштоону сунуш кылды

19.01.2022 14:33
5609
Чынгыз Ажибаев жаңы министрди алгачкы иш сапарын Лейлектен баштоону сунуш кылды

Лейлек районунда паспортунун мөөнөтү бүтүп калган адамдар 3-4 күндөп кезек күткөн учурлар бар. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Лейлек шайлоо округунан депутат Чынгыз Ажибаев билдирди.


Анын айтымында, Лейлек районундагы 4 айыл аймакка Калкты тейлөө борборун ачыш керек.


"Лейлек районунун Жаңы-жер, Кулунду, Маргун жана Бешкент айыл аймактарында жашаган тургундар паспорт алыш үчүн райондун борборуна барып, 3-4 күндөп кезек күтөт. 

Мындай маселени чечиш керек. Сиз дагы иш сапарыңызды Лейлек районунан баштасаңыз. Керек болсо мен өзүм сиз менен чогуу барып, көрсөтүп келем",- деди депутат Ажибаев Санариптик өнүктүрүү министри кызматына талапкер Талантбек Имановго кайрылып.

Пикирлер (12)

Коопсуздук коду
Рыскул Кумарбаев
Чынгыз бул ишин эн туура аракетке берекет .
Илим
Эмне Коргон айылына да ачсын