Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Чынгыз Ажибаев: Акылбек Жапаров Баткенди өнүктүрөбүз деген 500 млн сомдон кабар жок

21.04.2022 11:23
2297
Чынгыз Ажибаев: Акылбек Жапаров Баткенди өнүктүрөбүз деген 500 млн сомдон кабар жок

Акылбек Жапаров Баткенге 500 миллион сом бөлүнөт деген, бирок андан кабар жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаев бүгүнкү жыйында билдирди.


«Мен буга чейин Баткен облусун өнүктүрүү боюнча программасын сурандым эле, тилекке каршы, 1,5 айдан бери жок. Өкмөт мындай кыймыл-аракети менен бир гана элдин талабын эмес, президенттин сөзүн да четке кагып коюп жатышат. Менимче, өнүктүрүү боюнча бир да программасы жок болгондуктан, жооп бере албай келишет. Акылбек Жапаров бюджетти кабыл алып жатканда, Баткен облусуна 500 млн сом бөлөбүз деген. Мындан бир да кабар жок, эл буга жооп күтүп жатат», — деди ал.


Ошондой эле ал кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр-чатакта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир да жолу барып кабар албаганын сындады. Анын айтымында, Лейлек районунун тургундары өздөрү эвакуация болуп, бензин таппай кыйналышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн