Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:05
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Чынгыз Ажибаев: Президент чек арадагы элди сактап калалы десе, министрликтер тескерисин кылып жатат

16.02.2023 11:03
238
Чынгыз Ажибаев: Президент чек арадагы элди сактап калалы десе, министрликтер тескерисин кылып жатат

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Айыл чарба министри 2023-жылга карата даярдык тууралуу маалымат берүүдө.


Жыйындын жүрүшүндө депутат Чынгыз Ажибаев чек арада жайгашкан Лейлек районунда 16 миңден ашык адам жер тилкесин алуу үчүн кезекте турганын билдирди.


"Президентибиз чек арадагы элди көчүрбөй ошол жерде сактап калуунун аракетинде. Бирок Айыл чарба министрлиги тарабынан бир дагы метр жер трансформацияланган жок",- депутат Ажибаев.


Чынгыз Ажибаев ошондой эле жазгы талаа иштери үчүн Лейлек районунун тургундары Баткен шаарына келип күйүүчү май алып кетүүгө мажбур болгонун белгиледи.


Министрлер кабинетинин төрагасы аталган эки маселе боюнча да тез арада чечүү жолдорун убада кылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн