Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:56
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Ун өндүргөндөрдү салыктан бошоткон мыйзамга өкмөттүн позициясы өзгөрө бергени түшүнүксүз, - Турсунбеков

27.05.2020 15:23
1180
Ун өндүргөндөрдү салыктан бошоткон мыйзамга өкмөттүн позициясы өзгөрө бергени түшүнүксүз, - Турсунбеков

 

Ун өндүрүүчүлөрдү кошумча нарк салыгынан 5 жылга бошотууну караган мыйзамдын долбоору боюнча өкмөттүн позициясынын улам-улам өзгөрүп турушуна мен түшүнгөн жокмун, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине.


Депутат Турсунбеков президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан четке кагылган “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору боюнча комментарий берип жатып билдиргендей, мындай саясат экономиканы оңдобойт.


Албетте, бул жерде рынок үчүн күрөш болуп жатат. Евразиялык союзга кирген өлкөлөр, анын ичинде Казакстанда өндүрүш көп, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө чыгып жүрүшөт. Ошондой рыноктордун бири Кыргызстандын рыногу десек болот. Аларда ар дайым мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк. Тилекке каршы ошол мүмкүнчүлүктү, мамлекеттин кызыкчылыгын өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп, салыгын төлөбөй ошол аркылуу конкуренциядан тышкары болгон күчтөр бар. Маселен биздин Кыргызстандын өндүрүшчүлөрүнүн талабы бир эле болчу - баарына бирдей атаандашуу шарттарын түзүү. Биздин өндүрүшчүлөр башкаларга жеңилдик бербей, бизге жеңилдик бергиле деп айткан жок. Атаандашууга бирдей шарт болсун деди. Дүйнөнүн бардык жерлеринде деле ошондой талап коюлат”, - деди депутат.


Чыныбай Турсунбеков белгилегендей, кыргыз өкмөтү азык-түлүк продуктыларын, унду мыйзамсыз алып киргендерди токтото албагандыгы үчүн ушул мыйзамды алып чыгууга зарыл болгон. Бажы биримдигине жаңы киргенде эле алып чыгышкан. Андан кийин да Казакстан чек арасын жаап койгондо айла жок ошол кадамга барышты. Азыр кайра чек ара бошоңдой түшкөдө Казакстандын өздөрүнүн өндүрүшчүлөрүнүн басымы менен, маселе жоголгондон кийин бул мыйзамдын кереги жок болуп калды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн