Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чыныгы улуулук өзүңдүн начардыгыңды сезүүдөн башталат...

16.10.2023 19:42
166
Чыныгы улуулук өзүңдүн начардыгыңды сезүүдөн башталат...


Улуулукка бир гана жол бар, ал жол азап-тозок аркылуу өтөт. 

(Альберт Эйнштейн)


Күн батып баратканда көлөкөң узарып кетсе эле өзүңдү улуу адам катары ойлобо. 

(Пифагор)


Жөнөкөйлүк, ак көңүлдүк, чынчылдык жок жерде улуулук да жок. 

(Лев Толстой)


Адамдын улуулугу ал кичине адамдарга кандай мамиле кылгандыгынан билинет. 

(Томас Карлейль)


Улуу иштер күч менен эмес, өжөрлүк менен жасалат. 

(Самюэл Джонсон)


Аябай жакшы нерсеге жетиш үчүн жакшы нерседен баш тарткандан коркпош керек. 

(Джон Рокфеллер)


Адамдын улуулугу анын ой жүгүртө алгандыгында. 

(Блез Паскаль)


Бир күн түшүнөсүңөр, чыныгы улуулук текебердик бүткөн жерден башталат. 

(Аму Мом)


Улуулук эңсеген кишиде улуулук болбойт. Ал улуулук жөнүндө ойлобогон кишиде гана болот. 

(Александр Вяземка)


Өзүнүн баатырларын сыйлай алган эл гана улуу эл болуп саналат. 

(Константин Рокоссовский)


Улуу адамдар кыйынчылыкты унчукпай көтөрүшөт. 

(Фридрих Шиллер)


Чыныгы улуулук өзүңдүн начардыгыңды сезүүдөн башталат. 

(Вольфганг Гете)


Сенде улуу болуш үчүн бардык нерсе бар. 

(Индеецтердин накылы)


Улуулукка азап-кайгы аркылуу гана жетүүгө болот. 

(“Сплит” тасмасынан)


Мен карапайым адамдар жашагандай жашагым келет. Жоокер өзүн улуумун деп эсептээр замат утулат. 

(Федеор Емельяненко)


Жарыктын чеги болбойт, көлөкө гана өзүнүн чоңдугу менен мактанат. 

(Валентин Рычков)


Жалгыздык – бул улуулуктун уландысы. Улуулук – бул жалгыздыктын уландысы. 

(Михаил Гуцериев)


Жакшы оюнчулар мүмкүнчүлүк түзүп беришет. Улуу оюнчулар, улуу адамдар болсо аларды пайдаланышат. 

(Миа Хэмм)


Канчалык улуу болсоң да “баарына жеттим” деп ойлобо. 

(Жусуп Баласагын)


Улуу адамдар өлүмдөн коркушпайт, алар өлбөстүккө кетишет. 

(Валентин Рычков)


Жөнөкөй кишилер адаттан тыш нерселерге кызыкса, улуу адамдар жөнөкөй нерселерге кызыгышат. 

(Элберт Грин Хаббард)


Чынчылдык – улуулукка жасалган кадам гана болбостон, улуулуктун өзү. 

(Кристиан Нестел Боуви)


Башташ үчүн улуу болуштун зарылдыгы жок, бирок улуу болуш үчүн сөзсүз башташ керек. 

(Джек Кэнфилд)


Кичине нерседе да улуу боло билиш керек. 

(Андре Моруа)


Чокуну багындырган – чоң кубаныч, бирок, асманга жакындаган – бул улуулук. 

(Герберт Тихи)


Өзүңдү бийик сезбе, башкаларды басынтпа. 

(Башкыр накылы)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн