Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 11:47
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Чиновниктердин дарылануусу үчүн 152 млн сом кетет

04.12.2020 18:02
1656
Чиновниктердин дарылануусу үчүн 152 млн сом кетет

Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн алдындагы Клиникалык ооруканын бир жылдык бюджети 152 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Улукбек Карымшаков Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолдуу бюджети боюнча парламенттик угууда билдирди.


"Социум"  уюмунун өкүлү Алимжан Кошматов чыгымдарды Президенттин Администрациясынын ооруканасынын бюджетин ачыкка чыгарууну талап кылды.


"Ар бир адамдын дарылануусу үчүн жашаган жериндеги медициналык мекемелерге бюджеттен 179 сом бөлүнөт. Андай болсо акча чиновниктердин  катталган жеринен дагы, атайын клиникасынан дагы кетет турбайбы", - деди ал.


Президенттин Администрациясынын Клиникалык ооруканасы өкмөттүн токтому менен бекитилген кызмат орундарынын жана адамдардын тизмеси боюнча медициналык-санитардык жардам көрсөтөт. Мындан тышкары, аталган ооруканада чет мамлекеттердин элчиликтеринин жана республикада аккредитацияланган эл аралык уюмдардын кызматкерлери дарыланат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Чымынтаева Нуржамал .
Бул ооруканадан чиновниктер дарыланбай калды . Алардын оордуна атасы -- апасы же туугандары комерциялык толомун толоп. , дарыланышат. Бир киши аз дегенде 30 мин сом менен ларыланып чыгат . Тамагы же жаткан жерин деле укмуш эмес ? Ушунча акча менен бул жерди гулго айландырса болбойбу ? Врачтарга 400 сом толоп киресин . Кыскасы корупциянын чок ордону ушул жерде