Бугу 08, 2024
Убакыт: 00:03
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Чийки киши өкмөткө келгенине ынандым, тышкы саясатта "нөл" экен

04.02.2021 14:19
726
Чийки киши өкмөткө келгенине ынандым, тышкы саясатта "нөл" экен

 


Чек арага байланышкан маселеде аныгын так билбей туруп, кошуналарга майдай жага турган нерсени "балп" этип айта салуу жеткен наадандык. У.Мариповдун Баткен чек арасы тууралуу айтканы тажиктерге жетпей койбойт. Жумурткадан кыр таппай жаткан кошуналар эртең эле "канал толук бизге карайт" деп бет тырмалык кылат. Өкмөттү жетектейм деген киши ойлонбой сүйлөп, кыргызды онтобогон оорууга чалдыктырып коё турган болду. Чийки киши Өкмөткө келгенине ынандым. Тышкы саясатта "нөл" экен. Чек ара маселеси эсеп-чот каккандай жеңил маселе эмес.


Баткен эли сабырдуу экен деп эле жерин, ага кошуп элин да кошуп сата турган болуп калдыңар илгерки, азыркы бийлик!


Кайсы гана бийлик келбесин аларга " биздин маселени чеч" деп кесе айткандын ордуна баарын эле кош колдоп колдой берген Баткен элинде да күнөө бар. Биздин ушундай жоош, сабырдуу экенибизди билип алган бийлик дагы далай өнөр көрсөтөт. Стадионго чогултуп алып, каратып туруп калп айтып жатса да унчукпай уга берген баткенчилер, намыска келбейлиби?! Же шордуу эл болуп жашаган жагабы? Жашоо-шарты эң оор, чечилбеген маселеси толтура аймакта эптеп жашап жатып да бийликти айга-күнгө теңеп отурасыңар. Эгерде Баткендегидей проблемалар башка чөлкөмдө болгондо, алар бийликтин терисин тескери сыйрымак. Ошо...


Кубаныч Сейдалиев

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн