Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:19
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин дагы бир депутаты кармалды

20.06.2024 10:49
529
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин дагы бир депутаты кармалды


Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте бейбаштыкка шектүү катары Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутатын кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, июнь айынын башында Чолпон-Ата шаарынын тургуну Ы.Б. арыз менен кайрылган. Анда ал 2022-жылдын октябрь айында шаардык кеңештин депутаты А.У. себеби жок травматикалык тапанча менен аны эки жолу атып, денесине залал келтиргенин билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн.

Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, жабырлануучунун далысында жана сол билегинде эки так бар экени аныкталган.

Жабырлануучу укук коргоо органдарына кеч кайрылуусунун себебин депутат К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондуктан, өз өмүрү жана ден соолугу үчүн корккондугу менен түшүндүргөн.

Аталган окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМ жана УКМКнын кызматкерлери биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, Ысык-Көл облусунун аймагында 1979-жылы туулган А.У. кармашты.

Кармалган жаран А. У. Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоо жайында киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн