Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:09
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Чолпон-Ата шаарында кыргыз-чех бизнес форуму өттү

04.04.2022 12:53
794
Чолпон-Ата шаарында кыргыз-чех бизнес форуму өттү


Чолпон-Ата шаарында Кыргыз – Чех бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасы менен Чех Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелер жана соода-экономикалык кызматташуунун динамикалуу өнүгүүсүнө жаңы дем бере турган иш чара Чех Республикасынын Кыргызстан жана Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Рудолф Гекл мырза тарабынан демилгеленип, Чех Республикасынын Бишкек шаарындагы ардактуу Консулу Марат Жаанбаев жогорку деңгээлде уюштурду.


Бизнес-форумга, кызыкдар тарап катары Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, райондордун акимдери, айыл өкмөттөрдүн башчылары жана шаарлардын мэрлери катышты. Форумдун жүрүшүндө эки тараптын тең кызыкчылыгына төп келе турган ири жана орто долбоорлор сунушталып, кызуу талкууланды.


Облус жетекчиси А.Сулайманов иш-чараны ачуу аземиндеги сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду: “Ысык-Көл облусун өнүктүрүүдөгү негизги багыттарыбыздын бири – эл аралык стандарттарга жооп бере турган “жашыл аймакка” (green destination) жетишүү. Ал стандарттарды жүз пайызга аткара албасак да, 60-70 пайызын аткарууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал үчүн көп акча деле талап кылынбайт. Көбүнесе, мээнет талап кылынат. Биздин элибиз эмгекчил эл, ошондуктан бул максатыбызга жете алабыз деп ойлойм. Болгону бизге талапка жооп бере турган заманбап технологиялар керек. Ал эми ысык суудан, күндөн жана шамалдан энергия өндүрүү үчүн бизде зор ресурстар бар экенин дагы бир ирет айта кетким келет.

Урматтуу чехиялык коноктор, сиздердин бүгүнкү презентацияларыңарда сунуштаган долбоорлоруңар өтө ылайыктуу экен. Биргеликте иштесек, силердин тажрыйба менен биздин мүмкүнчүлүктөр айкалышып, койгон пландарыбыз ишке ашат.”


Андан кийин, В2В сүйлөшүүлөр башталып, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана шаарлардын мэрлери чехиялык компаниялар менен бетме-бет талкууларга өтүштү.


Бизнес-форумга чехиялык жана алардын Кыргызстандагы өнөктөштөрү болгон KHAANZAA, ENVI-PUR (TAZA BIO SYSTEMS), iWating, KUBICEK VHS, TOPOL WATER, REGULUS, WERO ENERGY компаниялары катышты. Бул компаниялар негизинен шаарлардан жана өндүрүштөн чыккан саркынды сууларды тазалоо жана кайрадан таза суу менен камсыздоо системаларын, био-газ өндүрүү, айыл чарбасына жана балык өстүрүүгө керектүү суу жана газ системаларын ишке киргизүүгө адистешкен. Ошондой эле турак жайларды жана ири өндүрүштөрдү альтернативдик энергетика (күн коллекторлору, соляр комплекттери, термостаттар жана жылуулук репродукция системалары) ыкмасы менен жылуулук менен камсыздоо боюнча ири тажрыйбанын ээлери.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн