Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Чолпон-Атада Баткен өрүгүн саткан жай ачылат

04.08.2023 11:16
299
Чолпон-Атада Баткен өрүгүн саткан жай ачылат


Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында Баткен өрүгүн саткан жай ачылат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Дүкөндүн текчелерине экологиялык жактан таза, кургатылган өрүк жана өрүктөн жасалган натуралдуу азыктар коюлат.

Алдыда туристтер үчүн аталган жайда Баткен өрүгүн сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев жыл сайын туристтик сезон учурунда Ысык-Көлдө Баткен өрүгү сатылган жайды иштетүүнү салтка айлантуу боюнча тийиштүү кызматкерлерге тапшырма берди.

Бул иш аракетке жооптуу катары президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Эл аралык кызматташтык, инвестиция жана туризм секторунун башчысы Азизбек Адылбеков дайындалды.

Ачылышы пландалып жаткан жайда өз өрүктөрүн сатууну каалаган багбандар жана ишкерлер төмөнкү номер аркылуу кайрылса болот: 0779 30-20-50.

Аткарылып жаткан иш-чаранын башкы максаты — Баткен өрүгүн даңазалоо, өрүк өстүргөн багбандарды, өрүктү кайра иштеткен ишкерлерди колдоо, Кыргызстанга келген туристтерге экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларыбызды тартуулоо болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн