Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:31
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Чолпон-Атада КМШнын Туризм кеңешинин жыйыны өтүүдө

11.07.2024 15:44
226
Чолпон-Атада КМШнын Туризм кеңешинин жыйыны өтүүдө


Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысы Максат Усубалиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин туризм боюнча кеңешинин жыйынын ачты. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Усубалиевдин айтымында, аянтча КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы туризм тармагына жагымдуу шарттарды түзүү жана өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүү үчүн диалог жүргүзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.


"Туризмден алынган экономикалык пайда уламдан-улам айкын болгон сайын КМШга мүчө мамлекеттердин маданий, тарыхый жана экономикалык байланыштарынын негизинде КМШнын жалпы туристтик мейкиндигин калыптандыруу зарылдыгы күчөп баратат", — деп белгиледи Усубалиев.


Атап айтканда, жолугушууда КМШдагы туризм чөйрөсүндөгү жаңы тенденциялар жана КМШга мүчө мамлекеттердин туризм тармагынын бирикмелеринин, ассоциацияларынын биргелешкен ишинин платформасын түзүү демилгелери талкууланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн