Аяк оона 03, 2025
Убакыт: 17:29
USD
87.20
87.70
EUR
101.10
102.10
RUB
1.078
1.105

Чолпон-Атада ЖККУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин жыйыны өтөт

03.09.2025 15:16
14
Чолпон-Атада ЖККУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин жыйыны өтөт


Эртең, 4-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңешинин 16-жыйыны өтөт.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Координациялык кеңештин аянтчасына Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын өзгөзө кырдаалдар боюнча тиешелүү министрликтеринин башчылары, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков катышат.


Жыйынды КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев алып барат.


Күн тартибинде өзгөчө кырдаалдар жаатында эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, 2026-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын планы жана ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндө куткаруучу бөлүмдөрдүн аракетке даярдыгын жогорулатуу каралмакчы.


Жолугушуунун жыйынтыгында протоколдорго кол коюлат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн