Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 15:13
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Чолпон Султанбекова: Санариптик телекөрсөтүү жоктугунан президенттин атын билбеген балдар бар

19.01.2022 13:03
697
Чолпон Султанбекова: Санариптик телекөрсөтүү жоктугунан президенттин атын билбеген балдар бар

Санариптик телекөрсөтүү жоктугунан президенттин атын билбеген балдар бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, алыскы аймактарда интернет эмес кыргыз телеканалдары көрсөтүлбөйт.


"Аймактарда интернет эмес жергиликтүү телеканалдар тартпайт. Анан кайдагы санариптештирүүнү айтабыз. Мисалы, Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айылында жергиликтүү каналдар тартпайт. Көпчүлүк өзбек жана тажик телеканалдарын көрүшөт.

Балдардан президентибиз ким десең, Өзбекстандын президентин аташат",- деди Султанбекова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн