Бугу 03, 2024
Убакыт: 01:33
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Чоң-Алай районунун бардык айылдарына өзгөчө макам берилди

06.07.2023 14:58
660
Чоң-Алай районунун бардык айылдарына өзгөчө макам берилди


Чоң-Алай районунун бардык айылдары өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын тизмегине киргизилди. Бул туурасында райондук администрациядан билдиришти.


Маалыматка ылайык, тиешелүү токтом министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган. Бул калктуу конуштар социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселелеринде артыкчылыктуу болуп саналат.


"Чоң-Алай Тажикстан менен чектешип, климаттык шарты катаал, алыскы район катары көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Айрыкча акыркы жылдары тажик тарап менен чек ара көйгөйү жаралып келген. Район эли көп жылдардан бери чек ара макамын алууну самап жүргөн. Жалпы районго берилбесе да, Жекенди айыл өкмөтүндө чек ара макамы болсо деген талабын айтып келишкен. Жыйынтыгында райондун бардык айылдары өзгөчө статус алды", — деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинети өлкөдөгү 150нүн тегерегиндеги айылга өзгөчө макам берилерин билдирген. Мындай аракеттер мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, чек араны бекемдөө, чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүүгө дем берүү, чек ара аймактарында жашаган калктын жашоо шартын жакшыртуу, ички миграцияны токтотуу максатын көздөйт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн