Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын денеси табылды

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын денеси табылды

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Бүгүн, 9-майда таң эрте Чоң Чүй каналындагы издөө иштерин улантууга Сокулук, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунан  жалпысынан 16 куткаруучу, ИИМдин 2 кызматкери, туугандарынан 25 адам тартылган.


Изделип жаткан баланын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан саат 9:30да табылып, туугандарына өткөрүп беришти.


Белгилей кетсек, 8-май күнү Военно-Антоновка айылында ЧЧКга 2017-жылы туулган Ш.С. аттуу эркек бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар жана туугандары тарабынан изделип жаткан. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн