Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 02:11
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Чубак ажы Жалилов кечке маал жерге берилди (фото, видео)

12.07.2020 01:22
2446
Чубак ажы Жалилов кечке маал жерге берилди (фото, видео)


Жалал-Абад облусунда маркум Чубак ажы Жалиловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөрүлдү. Бул тууралуу «Media Center» мультимедиалык-маалымат агенттигинин кабарчысы маалымдады.


 Коштошуу иш-чарасына 20 миңге жакын адам кеген. Белгилей кетсек, экс-муфтийдин жаназасы 11-июлда өзүнүн кичи мекени Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында болуп өттү.



Куран окутууга келгендердин көбү социалдык аралыкты сактоого аракет кылышты. Маркум менен коштошууга республиканын бардык аймактарынан диний ишмерлер келишти. Алар Чубак ажы Жалиловдун өз жашоосунда кандай адам богону жана жаштарга берген таалимдери тууралуу эскеришти.











Анын сөөгү кечке маал жерге берилди.



Эске салсак, дин аалымы Чубак ажы Жалилов 11-июлга караган түнү өпкөнүн сезгенүү оорусунан көз жумган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн