Чүй облусунун губернатору Эркин Тентишев аны менен маек куруп жаткан журналистти кабинетинин сүйрөтүп чыгарды. Бул тууралуу журналист Жоодар Бузумов билдирди.
Анын айтымында, Тентишев ыңгайсыз суроого жооп берүүдөн качып ушундай кадамга барган.
"Чүй облусунун губернатору Эркин Тентишев менен болгон окуя боюнча түшүндүрмө берип коёюн дедим. Биз интервьюга макулдашып анан барганбыз. Башталгандан 5 минут өткөндө негизги суроолорубуздун бири " Ленин айыл өкмөтү тарабынан мыйзамсыз берилип жаткан жерлер боюнча" сурадык. Бул суроого ал жооп бере албай какады. Дал ушул жерден ал буйтагылап интервью бербейм деп чыкты. Ал аңгыча жансакчыларын чакырта калды. Мен ошол учурда түз эфирге чыгууну туура көрдүм. Калган жүрүштү толук видеодон көрсөңүздөр болот...",- деп билдирүү калтырган Бузумов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн