Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:41
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Чүйдө 18 жаштагы баланын 150 миң сомун жана Lexus унаасын уурдап кетишкендер кармалды

19.02.2024 12:49
502
Чүйдө 18 жаштагы баланын 150 миң сомун жана Lexus унаасын уурдап кетишкендер кармалды


Аламүдүн районунда тоноочулукка шектелген үч жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Милицияга аял арыз менен кайрылган. Анда ал ГЭС-5 аймагында белгисиз адамдар 2006-жылы туулган уулу А.С.га карата каракчылык кылганын билдирген. Анын iPhone 13 жана iPhone 15 Pro Max, Airpods max наушниктерин, 150 миң сомун алып, Lexus GS 350 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкен.


Аталган факты катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.


Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалып, алар 1997-жылы туулган Л.Д., 1998-жылы туулган С.Н., 2003-жылы туулган Н.И. болгон. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөргө айып тагылып, эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.


Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн