Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:00
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чүйдө баасы 180 млн сомдук баңгизат аныкталды (видео)

27.12.2022 15:22
360
Чүйдө баасы 180 млн сомдук баңгизат аныкталды (видео)

Чүй облусунда баңгилаборатория аныкталып, 30 килограммдан ашык синтетикалык баңгизат алынды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой,  ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы тарабынан узак убакыт бою республиканын аймагында жана коңшу республикалардын чек ара аймактарында сатуу максатында синтетикалык баңги заттардын ири партияларын даярдоо үчүн химиялык реактивдерди алып келүүнүн контрабандалык каналын жөнгө салган эл аралык баңги синдикатынын ишине бөгөт коюуга багытталган изин суутпай издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп келген.


 2022-жылдын 26-декабрында кечиктирилгис тинтүү жүргүзүүдө Чүй облусунун аймагында синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү боюнча баңгилаборатория табылган, анда 1998-жылы туулган Т.Т., 1995-жылы туулган У. Б., 1974-жылы туулган А. Р. кармалып, тинтүү учурунда синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү (синтез) менен алектенген.

 Алынган психотроптук заттардын жалпы салмагы 30 кг ашык болгон, мындан тышкары: көлөмү 20 литр болгон 140 даана канистр, көлөмү 30 литр болгон суюк түрдөгү белгисиз химиялык заты бар 12 даана канистр, синтетикалык баңгизаттарды даярдоо үчүн реактор, “нутч фильтр” (химиялык реактивдерди суусуздандыруу үчүн, атайын аба чыпкасы 5 даана, тараза, жеке химиялык коргонуу каражаттары, даяр продукцияны фасовкалоо жана таңгактоо үчүн материалдар ж. б.) табылып, алынган.


 Жогоруда көрсөтүлгөн психотроптук заттарды сатуудан эл аралык баңгисиндикаттын баасы 180 млн. сомдон ашыкты же 2 млн. 68 миң 965 АКШ долларын түзмөк.

Белгилей кетсек, мындай нерсе көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлүп жатат. 




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн