Кулжа 07, 2025
Убакыт: 23:44
USD
87.30
87.80
EUR
99.20
100.20
RUB
1.095
1.125

Чүйдө укук коргоо кызматкерин опузалап, 1 млн сом талап кылган жаран кармалды

09.02.2024 10:27
464
Чүйдө укук коргоо кызматкерин опузалап, 1 млн сом талап кылган жаран кармалды


Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы опузалап 1 млн сом талап кылган жаранды кармады, деп билдирет облустук милициядан.

Маалыматка ылайык, башкармалыкка А.Э. аттуу жаран Т.А. менен сүйлөшүп алып, укук коргоо органдарынын кызматкеринен 1 млн сом талап кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт Чүй ОИИББге каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

8-февралда Чүй облусунун ИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана ИИМдин Тышкы чалгындоо кызматынын Чүй облусу боюнча ички иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө жана атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда КР жараны 1986-жылы туулган кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн