Бугу 14, 2024
Убакыт: 18:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чүйдүн Алмалуу айылында кичи футбол аянтчасы ачылды

24.07.2020 13:19
1413
Чүйдүн Алмалуу айылында кичи футбол аянтчасы ачылды


Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов Чуй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылына кичи футбол аянтчасын куруп берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка таянсак, Алмалуу айылында бул аянтчанын болушу айыл жаштарынын арасында сергек жашоо образын, дене тарбия жана спортту жайылтууга, атап айтканда, футболдун өнүгүшүнө өбөлгө болот.


“Алмалуу айылынын жашоочулары мындай долбоорлордун социалдык маанилүү экендигин белгилешти жана Канат Аманкуловго айыл жаштарынын тарбия алышына чоң көңүл буруп, алардын спортко болгон сүйүүсүн арттыргандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти”, - деп айтылат маалыматта.


Мындан тышкары, мамагенттиктин директору айылдагы дарыгерлерге каражат бөлүп, жергиликтүү ооруканага жеке коргонуу шаймандарын, ошондой эле коронавирус менен ооругандарга дары-дармектерди өткөрүп берген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн