Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:30
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

COVID-19: 8-январга карата 193 жаңы учур катталып, 2 бейтап каза болду

COVID-19: 8-январга карата 193 жаңы учур катталып, 2 бейтап каза болду


Кыргызстанда 8-январга карата коронавирус 193 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 134, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда – 17, Баткен облусунда - 7 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 55 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 370 бейтап, амбулатордук түрдө 782 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 185 миң 677адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 221 киши айыгып чыкса, 2 миң 816 адам каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн