Бугу 17, 2024
Убакыт: 05:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

COVID-19: Сутка ичинде 63 жаңы учур катталды

COVID-19: Сутка ичинде 63 жаңы учур катталды


Кыргызстанда 7-декабрга карата коронавирус дагы 63 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 21, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 24, Ош облусу – 4, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 6 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 59 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 350 бейтап, амбулатордук түрдө 407 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 712 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 710 киши айыгып чыкса, 2 миң 762 адам каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн