Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

COVID-19 илдетине дүйнөдө 335 миңден ашык адам чалдыкты

24.03.2020 17:25
690
COVID-19 илдетине дүйнөдө 335 миңден ашык адам чалдыкты


Дүйнө жүзүндө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 335 миңден ашып, каза болгондор 14 миң 500гө жетти. Бул көрсөткүчтөр түндө катталган окуяларды эске ала турган болсок, мындан да көп болушу мүмкүн деди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Маргарет Харрис Женева шаарындагы маалымат жыйында.


ДСС уюмунун 24-мартка карата берген маалыматына таянсак 334 981 адам вирусту жуктуруп алган.


“Илдет өтө тездик менен өсүп жатат, 334 981 адам түндө берген көрсөткүч. Дарттан каза болгондордун саны 14 510 адам, тилеке каршы көрсөткүчтөр да көбөйөт”, - деген Харрис.


Анын айтусуна караганда ДСС уюму берген маалыматтын 85 пайызы Европа жана АКШда катталган. 50% Европада, 40% АКШда катталган.


Харрис илдетин мындай тездик менен өсүүсү мамлекеттер ички тартипти жөнгө салмайынчы көбөйө берерин айткан.


Эске салсак, Кыргызстанда эпидемиянын жайылуусун алдын алуу максатында өзгөчө абал жарыяланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн