Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 23:25
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

COVID-19 каршы Pfizer вакцинасынын эриткичтери Кыргызстанга 28-августта келет

COVID-19 каршы Pfizer вакцинасынын эриткичтери Кыргызстанга 28-августта келет

COVID-19 каршы Pfizer вакцинасынын эриткичтери Кыргызстанга 28-августта келет. Бул тууралуу Иммундук алдын алуу республикалык борбору билдирди.


Маалыматка ылайык, андан кийин аталган вакцина менен эмдөөдөн өтүүгө болот.


"Шприцтер өлкөгө 23-24-августта, ал эми эриткичтери (растворитель) 28-августта келет. Ошондон кийин биз вакциналарды эриткичтери менен аймактарга жөнөтөбүз жана бардык ҮМБлардан эмделүүгө болот", - деп белгиледи аталган борбордун директору Гүлбара Ишенапысова.


Эскерте кетсек, 7-августта COVAX механизминин алкагында Кыргызстанга COVID-19га каршы Pfizer-BioNTech компаниясынын 100 620 доза вакцинасы келген. Бирок түшүнүксүз себептер боюнча вакциналар эриткичи жок жеткирилген.


"Ошол убакыттан бери себептерин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатты", - деп айтылат маалыматта.


Pfizer–BioNTech вакцинасы өзгөчө кырдаалда колдонуу үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылган. Вакцинанын натыйжалуулугу 95%ды түзөт.


Коргоочу таасири биринчи дозаны алгандан кийин 12 күндөн соң башталат. Бирок толук кандуу коргоону камсыз кылуу үчүн эки дозаны алуу зарыл, ДССУ аларды 21-28 күн аралыгында алууну сунуштайт.


COVID-19 инфекциясынын терс кесепеттерин эске алуу менен ДССУ Pfizer–BioNTech компаниясынын вакцинасын кош бойлуулук жана бала эмизүү маалында колдонууну сунуш кылат.


Pfizer–BioNTech вакцинасы мРНК негизинде жасалган, вирусту камтыбайт жана адамдын ДНКсына таасирин тийгизбейт.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн