Бугу 12, 2024
Убакыт: 14:15
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

COVID-19дан айыккан жарандар реабилитация программаларын аткарышы керек, - пульмонолог

07.09.2020 13:39
851
COVID-19дан айыккан жарандар реабилитация программаларын аткарышы керек, - пульмонолог


Коронавирус илдетин өз алдынча дарылоого болбойт. Сөзсүз дарыгердин көзөмөлүндө дарылануу зарыл. Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев 7-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, антибиотиктер жана гормоналдык дарылар вируска каршы колдонулбайт, андыктан аны өз алдынча сатып алып, ичүүгө болбойт.


"Коронавирустан айыккан бейтаптар ден соолукту кайра калыбына келтирүү үчүн ооруканага барбастан, үй шартында программаларды аткарса болот. 


Оорунун белгилери оорудан айыккандан кийин дагы эки-үч айга чейин сакталуусу мүмкүн: жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, өпкөнүн оорушу жана башка. Ошондуктан, ар бир жаранга реабилитация программаларын аткаруу сунушталат. Бул үчүн атайын инструкторлор даярдалып, роликтер тартылган.


Реабилитация учурунда бейтаптарга кошумча дарылардын кереги жок. Калк арасында өпкө сезгенде фиброзго учурайт деген маалымат тараган жана ал үчүн кандайдыр бир дармектерди жана башка тамак-аштарды колдонгон учурлар кездешип жатат. Бул маалыматка ишенбеңиздер”, - диди Т.Сооронбаев.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн