Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:59
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык: 15 бактериолог дарыгер окуудан өттү

16.09.2020 12:32
1234
COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык: 15 бактериолог дарыгер окуудан өттү


Кыргызстанда коронавирустун божомолдонгон  экинчи толкунуна карата 15 бактериологиялык дарыгер окуудан өткөрүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка карата, курч респиратордук вирустук инфекциялардын этиологиялык структурасын өз убагында аныктоо максатында реагенттерди жана тест системаладын сатып алууга өтүнүч кат даярдалды.

"Эпидемиялык кооптуу мезгилде мүмкүн боло турган коронавирустун боло турган экинчи толкунунда  очоктордо  иштөө үчүн 1500 адамдан турган саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн 6 айга жеткидей жеке коргонуу каражаттарын, ичинде (ЖПБ), дезинфекциялоочу каражаттарды, антисептиктерди эсептеп чыгышты, бюджети түзүлүп, сатып алуу чаралары көрүлүп жатат. Сасык тумоо жана коронавирус диагнозун аныктоо үчүн ПЧР изилдөөлөрүн жүргүзүүгө даяр болгон 15 бактериологиялык дарыгер окутулду", - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн