Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму. кандай гана вакцина болбосун ал өзүнүн коопсуздугун жана эффективдүүлүгүн тастыкташ үчүн сыноонун 3 этабынан өтүшү керек деп белгилейт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык бюросунун башчысы Ханс Клюге Женевадагы брифингде билдирди.
Анда Ханс Клюге жана анын кесиптештери кандай гана вакцина болбосун ал эффективдүүлүгүнө жана коопсуздугуна толугу менен кепилдик бериши керектигин айтышты.
Ошондой эле, ал россиялык кесиптештерине вакцинаны кайра квалификациялоо маселеси боюнча шашылыш түрдө бүтүм чыгарбоого чакырды. Мындан тышкары, ал Россиянын буга чейин вакцина чыгаруу боюнча тажрыйбасы бар экендигин айтты.
Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү менен болгон жыйында коронавируска каршы алгачкы вакцина катталганын билдирген. Кийинчерээк Путиндин кызы коронавируска каршы Россиядан чыккан вакцинаны алып, сыноодон өткөнү маалымдалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн