Бугу 12, 2024
Убакыт: 13:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

ДСУ коронавирустун булагын издөө үчүн Кытайга өз эксперттерин жөнөтөт

30.06.2020 14:11
922
ДСУ коронавирустун булагын издөө үчүн Кытайга өз эксперттерин жөнөтөт


Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жакын арада Covid-19 вирусунун булагын издөө үчүн өз эксперттерин Кытайга жиберет деп билдирди уюмдун башкы директору Тедрос Адхан Гебрейесус.


“Биз вирус тууралуу бардык маалыматтарды билгенде гана аны менен жакшылап күрөшө алабыз”, - деди Гебрейесус.


БСУнун башчысы жөнөтүлүүчү эксперттик топтун миссиясы кандай болорун тактап айткан жок. Анын пикиринде, коронавирус пандемиясы глобалдык деңгээлде таскагын жаңыдан гана күчөтө баштады, ошол эле учурда инфекцияга каршы күрөштө ийгиликтерге жетишкен өлкөлөр жок эмес, ошондуктан үмүттү үзбөй аракетти күчөтүү зарыл.


Соңку маалыматтардан кошумчалай кетели. ВВСинин билдирүүсүнө караганда, Кытайда илимпоздор пандемия жаратуучу олуттуу коркунучу бар чочко тумоосунун жаңы вирустук штаммын аныкташты.


Вирус жакында эле аныкталды, анын алып жүрүүчүсү чочколор, бирок адамдарга жугат. Илимпоздордун айтымында, бул вирус мутацияланып мындан ары өзүнүн түрүн өзгөртүүсү жана адамдан адамга жуга баштоосу мүмкүн. Ошондуктан, ал тынымсыз көзөмөл жүргүзүүнү талап кылат.


Акыркы жолу бул өңдүү чочко тумоосунун массалык эпидемиясы 2009-жылы Мексикада башталган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн