Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Сүрөттөр сүйлөйт. Дача СУ кырсыгына толук төрт жыл

16.01.2021 13:17
1286
Сүрөттөр сүйлөйт. Дача СУ кырсыгына толук төрт жыл


Мындан толук төрт жыл мурда, 2017-жылдын 16-январда эртең мененки 07:17де «Манас» эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ айылында «Boeing-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак тынч жаткан элдин үстүнө кулаган. Учакта экипаждын төрт мүчөсү жана 85 тоннадан ашык жүк болгону айтылган.


Түркиялык «АСТ Airlines» компаниясына таандык «Boeing» Гонконг-Стамбул багытында жүк ташыган. "Манас" аэропортуна күйүүчү май күйүү үчүн учуу тилкесине коно албай экинчи айлампага көтөрүлүп бараткан учурда кырсык орун алган. Бул каргашалуу окуяда жергиликтүү35 тургун жана учактын 4 экипажы каза болгон. Экипаж мүчөлөрү баары түрк жарандары болгон. Ал эми кырсыктан 37 адам жабыркаган. Кырсыктан боюнда бар келиндер, ымыркай бөбөктөр, улгайган кишилер жана бир үй-бүлө толук каза болгон.


Учак кулаган жерде 40 турак үй жараксыз абалга келген. Бул зыянды жабуу үчүн карапайым кыргыз калкы көңүл кош калбай колунан келген жардамды көрсөткөн.

Ал эми окуяга себепкер Түрк учак компаниясы каза болгондордун жакындарына кенемте төлөп берген.


Окуя боюнча Кыргызстандын атайын өкүлдөрү иликтөө жүргүзүп бүгүнкү күнгө чейин бир тыянак чыгара элек.


Бул окуя кыргыз элинин жүрөгүндө жана тарых беттеринде кара так бойдон калып кала берет. Дагы бир жолу кырсыктан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып,артынан бата кылабыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн