Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 04:24
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Дача-Су окуясы боюнча комиссиянын мүчөсү Самсаалы Четинбаев эмне деди?

12.12.2022 12:22
1671
Дача-Су окуясы боюнча комиссиянын мүчөсү Самсаалы Четинбаев эмне деди?



--Арыбаңыз Самсаалы аке. Дача-Су окуясы боюнча Президенттин жарлыгы менен түзүлгөн коомдук комиссия өз ишин аяктап, бир аз күн мурун Жогорку Кеңештин депутаттарына маалымат бергени боюнча кабардарбыз. Айтыңызчы, комиссиянын иликтөөсү кандай нукта жүрдү?

--Арыбагыла. Эсиңде болсо керек, коомдук комиссия жаңы ишин баштаганда да ошол комиссиянын мүчөсү катары силердин газетага маек берип, комиссиянын курамы калемпир менен мурчтай эле ымалага келгис ар кошкон көз караштагы жарандардан түзүлгөнүн айткам. Албетте, бул көрнүш окуянын чоо - жайын жаап жашырбай иликтөөгө жол ачат. Комиссия баш аягы болуп алты ай иштеди. Комиссия башынан аягына чейин ачык-айкын нукта жүрдү. 39 адамдын өмүрүн алган чуулгандуу окуяга ким кандай жагдайда аралашып калган болсо баарын чакырып, күмөн жараткан суроолордун баарына жооп алдык. Жыйынтыгы менен ЖК депутаттарына маалымат бердик.




--Жогорку Кеңеште комисиянын бир мүчөсү Атамбаевди реабилитация кылуу аракети жүрүп атат дегендей таризде сөз сүйлөдү. Бул боюнча не дей аласыз?




--Кандай жагдай болгон күндө дагы чындыкты, далилди гана айтышыбыз керек. Жеке менде дагы ошол комиссияга мүчө болуп бир эки ай иш алып барганга чейин тигил же бул бийликтеги лөктүн кырсыкка аралашы болушу мүмкүн деген күмөндүү ойлор болгон. Бирок, эл арасында уу-дуу болуп айтылып жүргөн ушак-айың сөздөр саясат үчүн эле чыгарылган “утка” болуп чыкты. Мен эч кимдин атын атагым келбейт. Ал ушак кепти ким айтып, кайсы лөктү ал ишке күнөөкөр кылып көргөзгүсү келгенин элдин баары жакшы билет. Бирок чындык башкача экен. Ал жүк ташыган учак каттамы ал кырсыка чейин 52 жолу жүк ташып конуп учканы, ал кырсыктан бир жума өтүп эле кайра ишин жандантканы, 2018- жылы ошол эле Гонконг - Бишкек - Стамбул каттамы боюнча 102 жолу каттам жасаганы, пандемия убагында убактылуу токтоп, бүгүнкү күндө так ошол каттам конуп учуп өз ишин улантып атканы маалым болду. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн бир жагдайды айта кетейин. Түркиялык ACT Airlines компаниясынын учагы Гонконгтон Стамбулга көп жүк тартып барыш үчүн Гонконгтон жарым эле бак авиакеросин куюп учуп, орто жолдон (Биздин Манас аэропортунан) конуп дагы Стамбулга жеткидей керосин куюп, чарчаган учкучтарды алмаштырап алып учуп кетет экен. Болгону ушул. Картадан Гонконг кайда Стамбул кайда экенин караган кишиге деле жол ортосу Бишкек экени көрүнүп турат. Эми бул маселени логистикадан кабары бар киши бир карап эле түшүнөт.


Демек «реаблитация, тиги бу» деген сөздөр жөнсүз экен да?

--Жөнсүз да орунсуз да. Кыпындай далил болгондо мен да кыйкырып айтып чыкмакмын. Атамбаев мага да көп жага бербейт, убагында ал киши бийликте турганда каршылаш бетте жүргөм. Бирок кандай болгон күндө да чындык айтылыш керек да? Саясат, саясий упай деп атып ансыз да ашмалтайыбыз чыгып бүттү.




--Дагы бир күмөн туудурган суроону тактап албасам болбостур, кулаган учактан кыргызча жазуусу бар от тамгызгы (зажигалкалар) чыкты деп да айтып жүрүшпөйбү, ал жагы кандай болуп калат анда?




--Ал мындай. Кыргызстанга чылым ташыган эки чоң компания бар экен. Ошонун бири Гонконгтон өз фирмасынын логотиби басылган от тамгызгыны буюрутма кылып жасатат экен. Анан ал от тамгызгылардын колдонуу көрсөтмөлөрү буюрутмага ылайык кыргызча жазылган. Эми бул мыйзамдын талабы. Ал жерден эч кандай кыйкым издеп кереги жок. Четтен келген дары-дармектин ичинен деле кыргызча түшүндүрмө чыгып атпайбы, ошондой кеп да. Болгону логистиканын маршруту ушундай болуп калган, жүк Гонконгтон Бишкек аркылуу Стамбулга учкан жүк ташуучу учак менен Стамбулга жетип анан ал жердеги чоң кампалардан буюрутма берген фирмаларга бөлүштүрүлүп кайсы фирма кайсы өлкөдө болсо ошол жака жиберилет. Дагы айтам, бул маселени дүйнөлүк логистикадан кабары бар адам дароо эле түшүнөт. Бул жерде күмөн жаратчу же мыйзамга каршы келген эч нерсе жок. Өкүндүргөнү адам өлүмү менен коштолгон кырсыкты да саясатка курал кылып колдонуп, ага ишенип уу-дуу болуп жатып калган өзүбүздүн бүгүнкү абалыбызга кейийм.


Маектешкен Зулпукаар Сапанов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн