Бугу 05, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Дамира Ниязалиева менен Улан Сариев шайлоодон четтетилди

05.06.2023 22:06
1827
Дамира Ниязалиева менен Улан Сариев шайлоодон четтетилди


Бүгүн, 5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Ленин шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевге карата козголгон кылмыш иштердин натыйжасында шайлоодон четтетилишти.


Укук коргоо органдарынын маалыматына таянсак, талапкер Дамира Ниязалиева жана Улан Сариев тарабынан добуш берүүнүн жүрүшүндө бир нече кылмыш иши катталган.


Жыйында милиция Дамира Ниязалиеваны шайлоодон четтетип, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сурады.


Ал эми Улан Сариевге УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өкүлү тарабынан кылмыш ишин козгоо боюнча өтүнүч болгон жок. Бирок аны шайлоодон четтетүүнү суранды. Борбордук шайлоо комиссиясы укук коргоо органдарынын эки талапкер боюнча өтүнүчүн канааттандырды.


Эскерте кетсек, 28-майда Ленин шайлоо округунда өткөн депутаттык шайлоода Дамира Ниязалиева биринчи, Улан Сариев экинчи орунду ээлеген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн