Патриот уулубуз Дамирбек Асылбекович медицина илиминде дүйнөлүк ачылыш жасаганы жаратмандык эмей эмне?! Бир канча өлкөдө өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, илимий доклад окуп, камеранын баары эл уулуна иштеп, дүйнө элин таңгалдырып кайтты. Каарманым өзү айтмакчы, бу эрдик башталышы, буюрса дагы эчен ашуулар бар... “Бикард” клиникасынын башкы дарыгери, кардиолог жана инвазивдик аритмолог, “Даңк” медалынын ээси Дамирбек мырзаны сөзгө тарттык.
- Дүйнөлүк конгресс тууралуу кеп салсаңыз?..
- Түркия – мен үчүн өтө маанилүү өлкө. Анткени медицина илиминин эң мыкты университети болгон Хаджеттепеде кардиология кесибинин ар тарабын (эхо, чреспищеводный эхо, ангиография/стентирование, кардиостимулятор, дефибриллятор, электрофизиология, аблация, илимий макала жазуу ж.б.) эң алдыңкы Сиями Эрсек илимий изилдөө борборунда өздөштүрдүм. Түркия жумуруятынын 100 жылдыгында жергиликтүү кардиология жамааты 60 жылдыгын белгилеп, 39-Түрк кардиология конгрессин өткөрүштү. Бул илимий конгресске эмгегимди алып келдим. Кардиологияда дүйнөгө таанылган Али Ото, Четин Эрол, Мехмет Өзкан сыяктуу профессорлордун тажрыйбаларын өз ооздорунан угуп, келечекке пландарды түздүм. Конгрессте ординатурадагы досторумду, агай-эжелеримди көрүп, абдан кубандым.
Ошентип, 2-ноябрда Стамбулда Дүйнөлүк аритмия конгрессинде доклад окуп, 5-ноябрь Афинада 40-Түрк кардиология ассоциациясынын конгресси жана түрк дүйнөсүнүн 10-конгресси кардиология тармагындагы алдыңкы адистерди чогулткан өзгөчө окуя болду. Мен үчүн маанилүү жагдай: 20 жыл мурун Хаджеттепе университетинде студент кезимде агайым болгон урматтуу профессор Али Ото менен бирге конгрессти жетектөө сыймыгына ээ болдум.
Түркиянын Кардиология ассоциациясынын президенти, профессор Музафер Дегертекинге жана түрк дүйнөсүнүн Кардиология ассоциациясынын президенти, профессор Ведат Айтекке бул конгресстин ийгилигине кошкон салымы жана жетекчилиги үчүн терең ыраазычылык билдирем. Түрк дүйнөсүнүн Кардиология ассоциациясынын вице-президенти катары катышуу мен үчүн чыныгы сыймык. "Америка Кардиология колледжинин Европадагы конгрессинде", 7-ноябрь Парижде, 10-ноябрь Анталияда толуктап бүтүрдүк.
Ал эми быйыл 7-8-февралда биринчи Стамбулда “Transcatheter Technology Course (ITT 2025)” курсу өттү. Бул престиждүү иш-чара структуралык жана татаал коронардык интервенцияларга багытталган жана дүйнөнүн алдыңкы эксперттери аткарган 17 операция түз эфирден көрсөтүлдү. Уюштуруу комитетине жана төрагасы профессор Доктор Хакан Учарга өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем.
- Адам жүрөктү башкарып алуусу мүмкүнбү, мисалы, толкунданууну басаңдатууга?
- Жүрөктү толугу менен башкарып алуу мүмкүн эмес. Адамдын ой жүгүртүүсү, сезими, уйгу-туйгусу, гормондор жүрөктүн кагуусу менен биргеликте иштейт. Эрктүү адамдар гана толкундоону, ачуусун басаңдата алуусу мүмкүн.
- Ишмердүүлүктөгү жаңы ачылыштарга токтоло кетесизби?
- Былтыр уникалдуу чоң ачылыш жасалды. Бизге түшкөн бейтаптын каны коюланып, уюган кан клапандын үстүнө туруп калыптыр. Аны алуу үчүн хирургдарга жиберсек, баш тартышты. Дүйнөлүк практикада уюган кандын көлөмү бир сантиметрге чейин болсо, анда канды суюлтууга уруксат. Бирок бул бейтапта уюган кандын өлчөмү кыйла чоң: узундугу 2 см, туурасы 1 см 7 мм эле. Мындай учурда Америкада да, Европада дагы уюган кан 1 сантиметрден ашса, анда операцияга жиберилет. Себеби, суюлта турган терапияны баштаган учурда тромб толук эрий элегинде эле калган бөлүгү кан менен туура эле мээге барат. Мындай уюган кан мээге жетчү болсо, анда жүрөктү дарылайбыз деп атып, бейтап аябай катуу инсульт алып калуу коркунучу бар. Андыктан көкүрөккө кетпестен оң жана сол жактагы мээге кетчү күрөө тамырга чыпка коюп, эки сааттын ичинде чоң тобокелдикке барып, тромб эритүү менен бейтапты аман алып калдык. Мындай алып караганда, бул жөнөкөй эле ыкма, бирок тобокелге баруу кооптуулугу бар болчу. Бул “Дүйнөдөгү биринчи ачылыш” деп аталып, эл аралык журналдарга басылып чыкты. Мындан бир топ жыл мурун илимий макалаларда ушул теманы козгоп чыкканбыз. Барселонага да барып, тажрыйбабыз менен бөлүшүп кайттык. Ушундай эле операция дагы эки бейтапка жасалды.
- “Операциялык столдогу кардиохирург – музыка кайрыктарын ойногон маэстродой” деп бир дарыгердин айтканы бар. Сизде кандай сезимдер болду?
- Чынында симфониялык оркестрди башкарган дирижёр дейбизби же маэстро дейбизби, бейтаптын өмүрү, арткан жүгү – кардиохирургдун колунда. Операциялык столдо жаткан бейтапка жакындаганда "быссымылданы" айтып, “Жараткан сенин колуңда, биз жөн гана себепкербиз” деп баштайбыз. Ийгиликтүү өткөн операция кубантат, чоң эрдик жасагандай сезим калтырат.
- Жандүйнө кай тарапта жайгашуусу мүмкүн?
- Жандүйнө мээ менен жүрөктүн ортосунда жайгашкан.
- Кардиохирургдун мээси күтүүсүз нерселерге ылайыкташуусу шартпы?
- Бир гана биздин кесипте эмес, баардык жерде күтүүсүз жагдайларга даяр туруу керек. Бир бейтапка 7-12 саат убактыңды сарптасаң, ал жакшы болуп кеткенде “жардамым, пайдам тийиптир” деген сүйүнүч – бул, албетте, биз үчүн эрдик. Чарчооң унутулат.
- Жүрөктү аяш керекпи?
- Албетте, аяш керек. Жараткан бизге дене мүчөбүздү аманат кылып тапшырган соң, бир гана жүрөктү эмес, баардык дене мүчөбүздү этияттоо абзел. Жашоо – жүрөк кагышы менен сулуу жана көркөм эмеспи.
- Өлкөбүзгө аба менен суудай дагы эмне керек?
- Билим, билим жана билим. Өз өлкөсүнө берилип кызмат кылган кесипкөйлүк зарыл. Ошондо гана баары иретке келип, калыпка түшөт. Бекеринен кыргызда “чымчыкты сойсо да касапчы сойсун” дебегендир...
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн