Жетинин айы 12, 2024
Убакыт: 11:33
USD
86.05
86.55
EUR
91.40
92.40
RUB
0.870
0.910

Данияр Амангелдиев Россиянын өнөр жай жана соода министри менен жолукту

08.07.2024 18:40
221
Данияр Амангелдиев Россиянын өнөр жай жана соода министри менен жолукту


Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Алиханов менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, кесиптештердин жолугушуусу 8-12-июлда Екатеринбург шаарында өтүп жаткан ИННОПРОМ эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууну алкагында өттү. Кыргызстандын делегацисынын курамында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы Артем Новиков, "Кыргыз Экспорт" борборунун директору Урмат Такиров бар.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин учурдагы абалын жана келечегин талкууланып, өз ара сооданы кеңейтүү, өнөр жай чөйрөсүндөгү кызматташтык жана инвестициялык долбоорлор маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Данияр Амангелдиев эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыштарды мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен демилгелердин ийгиликтүү ишке ашарына ишенимин билдирди. Ошондой эле, ал Кыргызстан Россия менен экономиканын ар кыл тармактарында жемиштүү кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Министр Денис Алиханов өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө толук колдоо көрсөтүп, өз ара пайдалуу негизде эл аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого жана мындан аркы кызматташууга өбөлгө түзгөн конструктивдүү атмосферада өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн