Бугу 11, 2024
Убакыт: 14:46
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Данияр Тербишалиев, экс-депутат: Асылбек Жээнбеков спикер катары эч бир депутатка басым жасап, добуш бердирген эмес (видео)

12.10.2021 12:20
1410
Данияр Тербишалиев, экс-депутат: Асылбек Жээнбеков спикер катары эч бир депутатка басым жасап, добуш бердирген эмес (видео)


Асылбек Жээнбеков спикер катары эч бир депутатка басым жасап, добуш бердирген эмес. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Данияр Тербишалиев билдирди.


Анын айтымында, Жээнбековдун парламенттеги ролу болгону депутаттарга модераторлук жасоо эле болгон.


"Мен Асылбек Жээнбеков менен 5-чакырылышта иштешип калдым. Кумтөр болобу же башка мыйзам болобу ал депутаттарга андай добуш бер, мындай добуш бер деп айткан эмес. Экинчиден, депутат болуп барган адамдын өз ою, пикири болот ошого жараша добуш берет. Анда депутат болуп эмне кылат? 


Мисалы мага бир жолу да эч ким мындай добуш бер деп айткан эмес. Депутат катары мен андайга жол бербейт элем. Анткени менин өзүмдүн жеке пикирим бар.


Асылбек Жээнбеков депутаттарды чакыртып добуш бердирген эмес, ал болгону сөз берип микрофонду башкарган",- деди Тербишалиев.



Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Гулкан
Ээн таза спикер
Айлин
Куноосу жок. Это месть
Анар
Асылбекти да Равшанга окшоп,автозек машинасы менен БШКга алып баргыла.Биз,эл шайлайбыз
Айлин
Ичин куйуп орттонуп кет