Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:34
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Дары-дармектерди запастап алгандар туура жерде, мөөнөтү менен сактоолору керек, - Үсөнбаев

21.08.2020 11:49
1188
Дары-дармектерди запастап алгандар туура жерде, мөөнөтү менен сактоолору керек, - Үсөнбаев


Эпидемиологиялык абал оор учурда дары-дармектерди запастап алып алган жарандар каражаттарды туура сактоолору керек. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.


Анын айтымында, мөөнөтү өтүп кеткен жана туура эмес сакталган дарыларды колдонуу өмүргө чоң коркунуч жаратат.


“Өткөн айларда абал оор болуп, көптөгөн мекендештер дары-дармектерди запастап алып койгондор бар. Сатып алынган дарынын өзүнүн сакталуучу жайы бар экенин эстен чыгарбайлы. Эгер туура эмес сакталып, мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармекти колдонсо өтө чоң зыяны бар. Биздин дарыгерлерге кайрылып, сактоо жол жобосун аныктап алыңыздар. Ошондой эле сырттындагы көрсөтмөнү да окуп карап коюңуздар”, - деди Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн