Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 04:42
USD
87.40
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.028
1.065

Дарыгерге кол салган кыз убактылуу кармоочу жайга киргизилди

21.08.2024 13:01
443
Дарыгерге кол салган кыз убактылуу кармоочу жайга киргизилди


Дарыгерге кол салган кыз убактылуу кармоочу жайга киргизилди, деп билдирди бүгүн, 21-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.


19-август күнү Чүй райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө алкоголдук мас деген диагноз менен 2003-жылы туулган И.Ж. түшкөн. Саат 4тө ал өзүнө келип, медициналык мекемеден кетүүнү чечкен.


Дарыгерлер ага туугандары келгенге чейин бейтапты коё бере албастыгын айтышкан. Ошол учурда кыз өзүн агрессивдүү алып барып, 1997-жылы туулган реаниматолог З.А.га кол салган. Анан ал ооруканадан качып кеткен.


Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен катталган.


20-августта кылмышка шектүү Чүй райондук милициясына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн