Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 08:07
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Дарыгерлерге акча берип турган менчик лабораториянын жетекчиси кармалды

06.04.2022 14:39
453
Дарыгерлерге акча берип турган менчик лабораториянын жетекчиси кармалды

Жеке медициналык лабораториялардын ишмердүүлүгүндөгү коррупция аныкталды, -- деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.


УКМК тарабынан саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында элге лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн жеке менчик “Е” медициналык лабораториясынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча маалымат алынган.


Аталган компания саламаттыкты сактоо уюмдарында биоматериалдарды кабыл алуу пункттарын жайгаштыруу боюнча артыкчылыктуу укуктарды алуу максатында медициналык мекемелердин жетекчилерине жогоруда аталган лабораторияда гана лабораториялык изилдөөлөрдү базар баасында жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн акча каражатын системалуу түрдө берип турганы аныкталган.


Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, анын алкагында аталган ишкананын кызматтык имаратында тинтүү жүргүзүлүп, финансылык документтер, анын ичинде маркетингдин мыйзамсыз ыкмаларын жана өз кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн медициналык кызматкерлерге накталай акча каражатын төлөө менен абийирсиз атаандаштыктын колдонулушун тастыктаган «кош» бухгалтерия алынган.


Жогорудагы мыйзамсыз аракеттер өлкөнүн бюджетине салыктарды төлөөдөн качуу фактыларын да күбөлөндүрүп, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын баасын негизсиз жогорулатууга алып келет.


Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган ишкананын жетекчиси Я.С., кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Азыркы учурда тергөө мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын аныктоодо.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн