Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:37
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Дастан Жумабеков Масалиевди туулган күнү менен куттуктап, кечирим сурады

21.05.2020 10:45
1464
Дастан Жумабеков Масалиевди туулган күнү менен куттуктап, кечирим сурады


Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков депутат Исхак Масалиевди бүгүнкү туулган күнү менен куттуп, ишине ийгилик каалады.

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Жумабеков депутаттык мандатын тапшырып кетип жаткан Исхак Масалиевди юбилейлик күнү менен куттуктап, кийинки иштерине ийгиликтерди каалады.

Өзүңүз айткандай, кечиримдүү бололу, сизден кетсе биз, бизден кетсе сиз кечириңиз .Улуу орозо айында кечиримдүү болгон жакшы далалат. Депутаттардын атынан ыраазычылык билдирем”, - деди Жумабеков.

Эске салсак, өткөн сессияда сөз талашып, Жумабеков менен Масалиев кайым айтыша кеткен. Масалиев депутаттарды кетип кал деп айтканы үчүн төраганы сындаган болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн