Асылбек Жээнбековдун күнөөсүз экенин далилдеп беребиз. Мындай пикирин Асылбек Жээнбековдун жактоочусу Давран Касымов соттук отурумдан кийин билдирди.
Анын айтымында, Жээнбековду кармоо мыйзамга каршы келет.
"Сот өзү каалагандай чечим чыгарып жатат. Биринчи Асылбек Жээнбековду сотко алып келген жок. Экинчиден онлайн отурум уюштурган жок. Ошондуктан биз баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча дооду кайтарып алдык.
Мындай мыйзамсыз аракеттерге жол берилбеши керек. Биз Асылбек Жээнбековдун күнөөсүз экенин далилдеп беребиз",- деди жактоочу.
Пикирлер (2)