Адамдын кимдиги анын өз коркуусун канчалык жеңе алгандыгына байланыштуу болот.
(Томас Карлейль)
Кээ бир кишилерге байлык коркууну – “жоготуп албасам экен” деген коркууну гана алып келет.
(Антуан де Ривароль)
Өлүм алдында эгоизм эчтекеге жарабай калат. Адам өлүмдөн коркконунун себеби да ушундан.
(Артур Шопенгауэр)
Адамдардын көбү коркконунан эркиндигинен да кечип ийет.
(Саллюстий)
Бул планетада бир гана нерседен – адамдан коркуш керек.
(Карл Густав Юнг)
Мен жоголуп кеткенден коркпойм. Төрөлгөнгө чейин миллиард-миллиард жыл жок болчумун, бирок мен андан эч кандай зыян тарткан жокмун да.
(Марк Твен)
Жашыра турган эчтекең жок болсо, эчтекеден коркпосоң деле болот.
(“Гарри Потер” тасмасынан)
Корксоң айтпа, айттыңбы коркпо...
(Имам Шамиль)
Сенин эң чоң катачылыгың ушунда – катачылык кетиргенден коркосуң.
(Томас Роберт Дьюар)
Коркуунун жараты кылычтын жаратынан да жаман.
(Джордж Мартин)
Өмүрдү күдүк менен коркууга бөөдө коротпойлу.
(Ральф Уолдо Эмерсон)
Корккон киши дайыма коркунучта.
(Бернард Шоу)
Жыгылган коркунучтуу, жыгылууну күткөн андан да коркунучтуу.
(“Ария” ырынан)
Коркунучтан эмес, коркуудан коркуш керек.
(Джеки Чан)
Коркуу адамды эч кандай тосмо, дубал жок болсо деле кармап турат.
(Харуки Мураками)
Мен бийиктиктен коркпойм. Бирок, бийиктен кулап кеткенден корком.
(Джордж Карлин)
Корккон киши – жарым-жартылай жеңилген киши.
(Александр Суворов)
Эгер сен адамдардан корксоң, алар сени сүйбөй калышат.
(Шарлотта Бронте)
Сени менен жолуккандан корком. Жолукпай калгандан андан бетер корком.
(Александр Блок)
Коркуу сени туткунга айлантат. Үмүт сага эркиндик берет.
(“Шоушенкадан качуу” тасмасынан)
Көлөкөдөн коркпо, ал жаныңда жарык бар экенин билдирип турат.
(“Шаардык мергенчи” телесериалынан)
Сен корккон кишини да, сенден корккон кишини да сүйүүгө мүмкүн эмес.
(Марк Туллий Цицерон)
Коркуу биздин ар бирибизде бар. Бирок, коркууга тике карай алгандарда баатырдык да бар.
(Эрнест Хемингуэй)
Бардык нерседен корккон кишилер өзүн аябай эле жалгыз сезсе керек.
(Туве Янссон)
Башка жакка кетип калгандан эмес, эч жакка барбагандан коркуш керек.
(Дмитрий Емец)
Таяктан корккон киши баары бир таяк жейт.
(Джек Лондон)
Дайыма эле бирдекеден корко берсең, анда жашоонун жыргалы кайсы?
(Стейс Крамер)
Кээде биз корккон нерсе биз каалаган нерсеге салыштырмалуу анчалык коркунучтуу эмес болуп чыгат.
(Джон Чэртон Коллинз)
Коркок киши менен чогуу жүргөндөн көрө, жалгыз жүргөн жакшы.
(Александр Дюма)
Эгер аттан мокочону көрсөң, ал мокочо болуп калат. Эгер мокочодон атты көрсөң, ал атка айланат.
(Вера Камша)
Эч качан коркпогон да кооптуу. Кээде корккондун да пайдасы бар.
(“Троя” тасмасынан)
Өлгөн кишилер гана өлүмдөн коркушпайт.
(“Сплин” ырынан)
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн