Ошто дайынсыз жоголгон 54 жаштагы жарандын денеси Куршаб дарыясынан табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
6-июль күнү Кара-Суу районунун, Кызыл-Суу айылынын тургуну (1967-ж.т. М.С.) аттуу киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Туугандары өз алдынча издешкенде, жоголгон жарандын бут кийими Куршаб дарыясынын боюнан табылган.
Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 20 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн